Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты. Дүйнөлүк күрөш уюмунун маалыматына ылайык, бул Тыныбекованын Польшада өткөн турнирде алтын медаль багындырганына байланштуу.

 

Андан тышкары,  68 килограммга чейинки салмак ченинде килемге чыккан Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк ТОП-3түн катарында. Ал эми Айпери Медет кызы 5-орунга жайгашты.