Кыргызстанга россиялык “Спутник Лайт” вакцинасы жеткирилди.
Препараттын 200 миң дозасы “Манас” эл аралык аэропортуна келип түштү.
Россия өкмөтү вакцинаны акысыз түрдө жардам катары ыйгарды.
Бул максатта аталган өлкө 1 миллион 200 миң доллар бөлгөн.
“Спутник Лайт” бир компонеттүү жана анын натыйжалуулугу 79 пайызды түзөт.
Бүгүнкү күнгө чейин аны менен эмделгендерде терс таасирлер каттала элек.