Кыргызстанга Туркиядан дары-дармек жана медициналык буюмдар жеткирилет

Кыргызстанга Туркиядан дары-дармек жана медициналык буюмдар жеткирилет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, мындай макулдашуу эки өлкө ортосунда жетишилди.

 

Ведомстводон белгилешкендей, Түркиядан препараттарды жеткирүү менен өлкөдө дары-дармектин жетишсиздигин алдын алуу мүмкүн болот. Өз кезегинде Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык препараттарды жана жабдууларды алып келүү процессин жеңилдетүүгө шарт түзүп берет.