Финляндия 5 жолу катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп аталды

Финляндия 5 жолу катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп аталды. Биринчи ондукка ошондой эле Дания, Исландия, Швейцария, Нидерланды, Люксембург, Швеция, Норвегия, Израиль жана Жаңы Зеландия кирди.

 

Ал эми эң эле бактысыз мамлекеттер деп Ливан жана Афганистан аталды. Жалпысынан эксперттер 146 өлкөнү баалады.

 

Рейтинг түзүүдө жашоо узактыгы, социалдык колдоо, коррупция жана башка көрсөткүчтөр эске алынды.