Кыргызстанга Өзбекстандан 41 миң тонна жер семирткич жеткирилди

Кыргызстанга Өзбекстандан 41 миң тонна жер семирткич жеткирилди. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жүк облустарга бөлүштүрүлдү. Андан тышкары, өткөн жылдан дагы 16 тонна калган.

 

Белгилеп кетсек, чекене баалар дүң баадан 16 сомго айырмаланат. Ал эми ведомство жер семирткичтердин айрым түрлөрүн өз баасында сатууда.