Кыргызстанга 19-мартта коронавирустан кытайлык вакцинанын 150 миң дозасы жеткирилет

Кыргызстанга 19-мартта коронавирустан кытайлык вакцинанын 150 миң дозасы жеткирилет. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Анын айтымында, жакынкы арада ошондой эле россиялык вакцинанын келиши күтүлүүдө. Ал эми британиялык AstraZeneca препараты тууралуу айта турган болсок, аны биздин өлкөгө алып келбей туруу чечими кабыл алынды.

 

Бийлик аны бекиткен жок, бирок баш тарткан дагы жок. Министр белгилегендей, бул суроо вакцинанын үчүнчү клиникалык изилдөөлөрүнөн кийин чечилет.