Кыргызстандан үчүнчү өлкөлөргө чөп экспорттоого тыюу салуу сунушталууда

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандан

үчүнчү өлкөлөргө чөп, арпа жана буудайды экспорттоого тыюу салууну сунуштап жатат.

Бул тууралуу “Кабарга” ведомстводон билдиришти. Макулдашуу министрлер кабинетинин

кароосуна жиберилди. Белгилеп кетсек, учурда суу тартыштыгынан улам чөптүн

наркы кескин кымбаттады. Чүй облусунда 90 сомго жогорулап, 250 сомго жетти.