Бишкекте көчө жарыгын орнотуу уланууда

Бишкекте көчө жарыгын орнотуу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы чырактар ордо калаанын 4 районунда тең пайда болду. Өзгөчө көңүл буга чейин такыр жарыктандырылбаган көчөлөргө бөлүнүп жатат.

 

Жарык диоддук чырактарды орнотуу боюнча иштер уланат.