Кытайда жарандарды тамак-ашты үнөмдөөгө чакырышууда.
Жапайы табиятты коргоо боюнча дүйнөлүк фонд жана
Кытайдын илимдер академиясынын маалыматына ылайык,
Кытайдагы ресторан жана ашканалардан жылына 18 миллион тонна
тамак-аш ыргытылат. Бул өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктүн 3 пайызын түзөт.
Адистердин пикиринде, мындай ысырапкорчулук 50 миллион
адамды тамак-аш менен камсыздоого жетмек болчу.