Кыргызстанга кытайлык “Синафарм” вакцинасы июлдун ортосунда жеткирилет

Кыргызстанга кытайлык “Синафарм” вакцинасы июлдун ортосунда жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улукбек Бектурганов билдирди.

 

Анын айтымында, кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жетишилип, 150 миң доза вакцинаны жеткирүү сурооосу чечилген. Бул үчүн чартердик каттам уюштурулат.

 

Белгилеп кетсек, “Синофарм” вакцинасынын биринчи партиясы өлкөгө мартта жеткирилип, массалык эмдөө    29-мартта старт алган. Туруктуу аба каттамдары жок болгондуктан, экинчи партиясын алып келүүдө маселелер жаралган.