Өлкөдө эпизоотикалык кырдаал туруктуу

Өлкөдө эпизоотикалык кырдаал туруктуу.

Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча

мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, учурда мал жандыктарынын жазгы вакцинациясы аяктап жатат.

Мал арасында кооптуу оору чыккан жок. Жумаканов белгилегендей, өлкөдө 19 лаборатория иштейт.

Анын экөөсү улуттук. Тагыраагы, алардан тиешелүү экспертиза жана

малдын оорусу тууралуу диагноздун жыйынтыктары берилет.