Бишкекте башкы балатынын оту жанды

Бишкек шаарындагы Жаңы жылга карата орнотулган башкы балатынын оту жанды. Иш-чарага жүздөгөн шаардыктар келип күбө болушту.
Калаа мэриясы башкы балаты менен «Ала-Тоо» аянтын кооздоого жалпы жонунан 5,7 миллион сом сарптады.
Балатынын бийиктиги 25 метр, ага 1 400 оюнчук тагылды.
Мэрия «Бишкек — 2022» жаңы жылдык символикасын белгилүү дизайнер Нурбек Насыранбеков жана анын командасы иштеп чыкканын айткан.