111 жаштагы австралиялык Декстер Крюгер узак жашоо сыры менен бөлүштү

111 жаштагы австралиялык Декстер Крюгер узак жашоо сыры менен бөлүштү. Жергиликтүү басылмага берген маегинде ал башкы сыр туура тамактанууда деди. Алсак, Крюгер тамакка тооктун мээсин кошуп жегенди жакшы көрчү.

 

Андан тышкары, анын рационунун негизги бөлүгүн өзү огороддо өстүргөн жер-жемиштер түзөт. Австралиянын эң улгайган адамы ошондой эле өмүр бою тамеки чекпей, спирт ичимдигин ичпей, физикалык көнүгүүлөрдү жасап келген.