Кытайда короновирус жуктуруп алгандар дарылануудан баш тартса жазаланат

Хубэй провинциясынын бийлиги коронавирусту жуктуруп алып дарылануудан

баш тарткан жарандарды кылмышкер катары жоопкерчиликке тартат.

Учурда коомдук жайларда атайылап башкаларга оору жуктуруу максатында

түкүрүнүп жүргөндөр пайда болгон. Бийлик аларды саламаттык сактоо жаатындагы жана

шалаакылык боюнча беренелерге ылайык жоопко тартат.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 170 адамга,

ал эми ооруну жугузгандардын саны 8 миңге жакын.