Дубайда алгачкы ирет селфи музей ачылды.
Смартфонго креативдүү сүрөттөрдү жаратууга мекемеде 15 атайы зал бар.
Фотостудия-бөлмөлөрү профессионалдуу жарыктандырылган жана
оригиналдуу жасалгалоодон өттү. Музей жетекчилиги интерьер бир нече ай сайын
жаңыланып тураарын билдирет. Ал эми мындай жайга кирүү үчүн 15 доллар төөлөө керек.