Кытайдагы “Формула-1” этабы коронавируска карата жылдырылды.
Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулар билдиришти. Маалыматка караганда,
унаа жарышы 17-апрелден 19уна чейин өтмөк. Ал эми жаңыланган дата тууралуу
маалымат таратыла элек. Кытайда вируска кабылгандардын саны 48 миңден ашты,
1 миңден көбү каза тапса, 5 миң адам илдеттен айыгып чыккан.