Бишкекте узундугу 18,5 чакырымды түзгөн веложолчо пайда болот

Бишкекте узундугу 18,5 чакырымды түзгөн веложолчо пайда болот.

Бул тууралуу вице-мэр Мирлан Амантуров билдирди. Анын айтымында,

тротуар ордо калаанын түштүк менен түндүгүн байланыштырып турат.

Ал түштүк магистралдан Чынгыз Айтматов проспектиси менен Чүй проспектисине чейин,

андан Абдрахмановго дейре өтүп, Байтик Баатыр көчөсү аркылуу

Түштүк магистралга чейин салынат. Туурасы 4,5 метр болгон веложол

жай айларында эксплуатацияга берилип калышы күтүлүүдө.