Кыргызстанга коронавирустан вакцина июлдан эрте келбейт

Кыргызстанга коронавирустан вакцина июлдан эрте келбейт. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева билдирди. Ал белгилегендей, биздин өлкөгө 15 миң адамга ылайыкталган 30 миң доза америкалык вакцина сунушталган.

 

Бирок аны туура сактоо үчүн -70 градустук температураны камсыздоо керек.

 

Андай жабдуунун баасы 2 миллион доллар турат. Андыктан, америкалык препараттан баш тартылды. Ал эми кыргызстандык адистер бул программа боюнча дагы башка 7 вакцинаны иликтеп көрөт. Ошондой эле, россиялык вакцинаны жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.