Ботаникалык бакчанын оранжереясы кайра калыбына келтирүүгө жабылды. Бакчанын кызматкерлеринин айтымында, иштер 10 күнгө созулат. Анда айнектерди толугу менен алмаштыруу пландалууда.
Эске салсак, оранжереянын аянты 500 чарчы метрди түзөт. Ал 1947-жылы курулган. Бакчада дүйнөнүн ар тарабынан алынып келинген тропикалык жана экзотикалык өсүмдүктөр бар.