Кыз-келиндер арасында пневматикалык мылтык менен 10 метрден ок атуу
боюнча медалдын биринчи топтому ойнотулду. Мындай дисциплинага
50 спортчу катышты, анын катарында кыргызстандык Каныкей Кубанычбекова дагы бар.
Ал квалификациядан 612,8 упай топтоп, жыйынтыктоочу 48-орунга жайгашты.
Финалга 8 атлет чыкты. Алтын медалды Кытайдын спортчу кызы утту.
Күмүш россиялыктарда, коло Швейцарияда.