Токиодо өтчү Олимпиада оюндарын трибунадан көрүүгө уруксат берилди

Токиодо өтчү Олимпиада оюндарын трибунадан көрүүгө уруксат берилди.

Бирок көрүүчүлөрдүн саны чектелет. Эл аралык олимпиада комитетинин

чечимине ылайык, 10 миңден ашпаган гана адам оюндарды көрө алат.

Ага Япониянын гана жарандары киргизилет. Чет өлкөлүк күйөрмандарга

кирүүгө тыюу салынат. Ошондой эле  спорттук делегациянын саны

дагы бир топ кыскартылды. Эске салсак, Олимпиада Токиодо

24-июлдан 8-августка чейин өтөт.