Олимпиада оюндарынын ачылышы 68 миң орундуу стадиондо өттү

Олимпиада оюндарынын ачылышы 68 миң орундуу стадиондо өттү.

Бирок ага 950 гана адам киргизилди, алар расмий өкүлдөр жана журналисттер.

Эрежеге ылайык, катышуучу өлкөлөр аталышына жараша япон алфавитинин негизинде

параддан өттү. Кыргызстан командасы 56-катарда өтүп, тууну Каныкей Кубанычбекова жана

Денис Петрашов көтөрдү. Буга чейин уюштуруу комитети чет элдик көрүүчүлөр ачылыш

аземге киргизилбейт деп жарыялап, көрүүчүлөрдүн катышуусуна толук тыюу салган.

Бул эки жума мурда Токиодо коронавирустун жаңы толкуну катталганына байланыштуу.