Бишкекте ПЦР анализин алуу укугу дагы жеке лабораторияга берилди

Бишкекте ПЦР анализин алуу укугу дагы жеке лабораторияга берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

 

Анын айтымында, тестирлөө жеке лабораториялардын базасында жүргүзүлөт.

 

Аларда ПЦР анализин тапшыруунун баасы 1 миң 600 сом, — деди Каратаев. Белгилеп кетсек, акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустун 439 учуру катталды. Алардын көбү Бишкекте.