Кыргызстанда коронавируска кабылган бейтаптардын жалпы саны 144кө жетти.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бейтаптардын
абалы канааттандыраарлык. Бүгүн түшкө карата маалымат боюнча,
коронавирустан дагы 3 бейтап сакайды. Алардан кайталанып алынган анализ
коронавирустун жок экенин көрсөттү. Муну менен республикада
жалпысынан 9 адам COVID-19 вирусун жеңди.