Лас-Вегаста пандемиядан сактануучу бункер сатылууда.
Анын баасы 18 миллион доллар. Аймагы 15 миң чарчы метр болгон сарай
1978-жылы салынган. Үйдүн ичинде 5 уктоочу бөлмө, ашкана, кинозал,
бир нече эс алуу жайлары жана ойноо аянты бар. Үйдө генератор жана
4 жарым миң литр сууга эсептелген резервуар жайгашкан. Жогоруда
аталган баага үй тиричилиги жана кароолчунун 1 жылдык кызматы кирет.