Россияда пол жууган аял айыл өкмөтү болуп шайланды

Россияда пол жууган аял айыл өкмөтү болуп шайланды. Окуя Кострома облусунда катталды. Марина Удгодскаяны башка талапкер, добуштарды чачыратуу үчүн жөн гана каттатып койгон.

 

Бирок айыл тургундарынын көбү дал ушул аялга добуш беришкен. Ал 1-октябрда расмий кызматка отуруп, дароо эле ордун тапшыра турганын жана пол жууганды улантарын жарыялады.