Таиландда дүкөнгө капыстан кирип барган крокодил элдин жүрөгүн түшүрдү

Таиландда дүкөнгө капыстан кирип келип, текчелерге чыга баштаган чоң крокодил элдин үрөйүн учурду. Мындай видео социалдык тармактарда тарап жатат.

Маалыматта айтылгандай, видеону дүкөнгө кирген кардар тартып алып социалдык тармакка жүктөгөндөн кийин катуу талкууга алынган. Кардар журналисттерге видеосун бүт дүйнө кеп кыларын билген эместигин айткан. Видео Твиттер, Фейсбук сыяктуу социалдык тармактарда көп жолу бөлүшүлүп, ар түрдүү комментарийлер жазылган. Көпчүлүк колдонуучулар «Мен аябай ачка болгондо», «Карантинден кийин» сыяктуу тамашаларды айткан.

 

Кийин ошол жердеги адамдар куткаруучуларды чакырып, алп крокодилди дүкөндөн алып чыгышкан.

 

Жергиликтүү тургундардын айтымында, крокодилдер өлкөдөгү каналдарда жана көлдөрдө жашайт. Бул коркунучтуу жаныбарлар көбүнчө балык, жылан, бака сыяктуу жаныбарлар менен азыктанат. Бул ири жаныбар адамдарга сейрек кол салышат жана кол салуу учурунда чагып алышы мүмкүн.

 

Азия өлкөлөрүнөн тышкары ири крокодилдер Сахара чөлүндө, Австралияда жана Тынч океанынын айрым аралдарында кездешет.