Лейлек районунун Алга жана Лайли айылдарында жаңы мектептер курулат

Лейлек районунун Алга жана Лайли айылдарында жаңы мектептер курулат. Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады. Ага ылайык,

 

Алга айылындагы жалпы билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталып, анын курулушуна 85 миллион сом багытталат. Ал эми Лайли айылындагы мектепте келечекте 150 окуучу билим алып, курулушка 138 миллион сом жумшалат.