Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына 27 мектеп курулат

Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына 27 мектеп курулат. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, учурда курулуш иштер 14 объектиде жүрүп жатат.

 

Калган мектептер боюнча маселе фонддун кароосунда. Дагы бир объект боюнча кайрадан тендер өткөрүү пландалууда. Эске салсак, Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга мектептерди куруу үчүн 30 миллион доллар бөлүп берет. Каражат 15 жылга берилмекчи.