«Ала-Тоо» аянтына 15 миң даана гүлдөн саат жасалууда

Бишкек шаарын жаз-жай мезгилдерине карата көрктөндүрүү иштери улантылып жатканын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, ушул тапта «Ала-Тоо» аянтына жылдагыдай гүлдөн куралган саат орнотулуп жатат.

 

Бул сааттан аянтка келгендер чын эле убакыттын канча болгонун көрө алышат. Ал тогуз түрдүү 15 миң даана гүлдөн жасалып жатат.

«Бул композицияны жасоого «Тазалык» кызматынын 27 жумушчусу иштеп жатат. Агератум, сальвия, тагетис, алиссум, колиус жана башка гүлдөрдүн түрлөрү отургузулууда», — деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө.

 

Шаардын башка жайларында да көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жоогазындардан кийин алардын ордуна жана жалпы эле шаарды көрктөндүрүүгө бул жылы 18 түрдүү миллиондон ашык гүлдөр отургузулат.