Ысык-Көлдө балдар арасында пневмония көп катталып, ооруканаларда орун жок калды деген маалымат чындыкка дал келбейт

Ысык-Көлдө балдар арасында пневмония көп катталып, ооруканаларда орун жок калды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Мира Кыдырбаеванын айтымында, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу, облус аймагында балдар үчүн 121 орун даярдалган Учурга карата ооруканаларда 16 бала дарыланып жатса, бирөөндө гана пневмония тастыкталган.

 

Анын абалы жакшы болуп калды, жакынкы күндөрү үйүнө чыгарылат.