Чек ара кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт.
Бул боюнча маселе толук чечилди, эми токтом долбоорго кол коюлушу керек, — деп билдирди
экономика жана каржы министри Улукбек Карымшаков. Анын айтымында, чек арачылардын
маянасын көтөрүүгө 700 миллион сом керектелет. Ар бир кызматкердин эмгек акысына
орточо эсеп менен 5 миң сомдон кошулат. Министр белгилегендей, чек арачылардын гана эмес,
кызматта иштеген бардык жумушчулардын маянасы көбөйтүлөт.
Ошондой эле чек арачы пенсионерлерге дагы акча кошулат.