Жеңиш күнүнө арналган ат оюндары өткөрүлбөйт. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жана кыргыз-тажик чек арасындагы маселеден улам Талас облусунда 4-9-майга пландалган өтө турган ат оюндарын өткөрбөө чечими кабыл алынды.
Ошондой эле, Ош шаарында өтө турган ат чабыш дагы токтотулду.