Ленин округундагы шайлоодо Дамира Ниязалиева алдыга чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округундагы добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Дамира Ниязалиева 6 миң 73 добуш алып, алдыга чыкты.

 

БШКнын маалымдашынча, добуш берүүгө бул округдагы шайлоочулардын 13,95 пайызы гана катышты. Аймакта 125 миңдей шайлоочу катталган.

 

Дамира Ниязалиева буга чейин Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болгон. Ал вице-премьер-министр кызматын аркалаган. 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн тушунда кыска мөөнөттө саламаттык сактоо министри болуп турган.