Түркиядагы шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыяланды

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы добуштар дээрлик толугу менен саналып бүттү.

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий эсеби боюнча, 190 миң үкөктүн 75 пайызы саналды. Ага ылайык, Режеп Тайып Эрдоган 53,41 пайыз, ал эми анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу 46,59 пайыз добуш алды.

 

Түркияда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат.