Леонардо да Винчинин аюунун башы тартылган сүрөтү 12 миллион 200 миң долларга сатылды

Леонардо да Винчи тарткан аюунун башынын сүрөтү сүрөтчүнүн эмгектеринин арасынан рекорддук суммага — 12 миллион 200 миң долларга сатылды. Бул тууралуу Christie’s аукцион үйү жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышууда.

 

«Бул сүрөт Леонардо да Винчинин сүрөтчү катарында теңдеши жок чеберчилигин тастыктап турат», — деп айтылат докладда. Аюунун башы сүрөтчүнүн сүрөттөрүнүн ичинен жеке колдонууда калган сегиз сүрөттүн бири. Адистер сүрөт тууралуу бир пикирге келишпесе да, сүрөттүн өзгөчө мааниси боюнча бир пикирге кошулушат.

 

Леонардо да Винчинин мурунку «Ат жана чабандес» эмгеги рекорддук суммага сатылган сүрөтү болгон. Ал 2001-жылы Christie’s дүкөнүнөн 8 миллион100 миң фунтка (11 миллион 100 миң долларга) сатылган.