Зимбабвенин 66 жаштагы тургуну Мишек Няндоро 16 аял алып, 151 баланын атасы болду

Зимбабвенин 66 жаштагы тургуну Мишек Няндоро 16 аял алып, 151 баланын атасы болду. Учурда анын 50 баласы мектепте окуса, алтоо улуттук аскерде кызмат өтөйт, экөө полиция кызматкери, 11 баласы башка кесиптерди аркалап келет.

 

13 кызы турмушка чыккан, 23 уулу үйлөнгөн. Негизинен Няндоро үй-бүлөсү айыр-чарбачылыгы менен алектенет.

 

Жакында эле Зимбабвенин бийлиги эркектин чоң үй-бүлөсүнө 93 гектар жер бөлүп берди.