Лихтенштейндин бийлиги мамлекеттик кызматтарды биткоиндер менен төлөөгө уруксат берет

Лихтенштейндин бийлиги мамлекеттик кызматтарды биткоиндер менен төлөөгө уруксат берет. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Даниэль Риш билдирди.

 

Азырынча жаңы төлөм системасы качан ишке кире турганы белгисиз. Биткоиндер өлкөнүн валютасына автоматтык түрдө которулуп, кабыл алынат.  Мындай схема учурда Швейцариянын Цуг жана Лугано шаарларында киргизилди. Бул жерде мамлекеттик кызматтарды жана салыктарды биткоиндер менен төлөсө болот.