Японияда 105 жаштагы дарыгер узак жашоо сырлары менен бөлүштү

Японияда 105 жаштагы дарыгер узак жашоо сырлары менен бөлүштү. Шигеаки Хинохара өмүр бою диета кармап, туура тамактанган. Анын башкы рационунда – буудай жана арпа болгон.

 

Андан тышкары, мөмө-жемиш, жумуртка, сүт, балык жейт. Этти анда санда, аз гана өлчөмдө жесе болот, ал эми кумшекерден такыр эле баш тартуу керек, — дейт дарыгер.

 

Шигеаки Хинохаранын айтымында, ушундай жөнөкөй диетаны физикалык көнүгүүлөр менен коштоп турса, узак жана саламат жашоо кепилденет.