АКШ тургуну тоогунун жүрөгүн дарылатыш үчүн 10 миң доллар сарптады

АКШ тургуну тоогунун жүрөгүн дарылатыш үчүн 10 миң доллар сарптады. Маалыматка ылайык, эки жыл мурда аял зоологиялык дүкөндөн жөжө сатып алып, аны үйүндө багып келген.

 

Тоогу Блюнун абалы начарлагандыгын байкаган кожойкеси адистерге кайрылган. Алар канаттуунун канынан анализ алып, УЗИ, рентген жана эхокардиографиядан өткөрүшкөн.

 

Жыйынтыгында тооктун жүрөгү ооруй турганы аныкталып, канаттууга операция жасалды. Медициналык процедурадан кийин Блю тамак жеп, басып, мурдагы калыбына келди.