Лионель Месси «Барселона» клубу менен коштошуп жаткандагы көз жашын сүрткөн бет аарчы аукционго коюлду

Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси көз жашын сүрткөн бет аарчы аукционго сатыкка коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

 

Маалыматка ылайык, бул бет аарчыны Месси «Барселона» клубунан кеткендигине байланыштуу өткөргөн жыйында көзүнө жаш алганда колдонгон. «Алтын топтун» 6 жолку ээси болгон футболчунун көз жашы тамган бет аарчынын аукциондогу баасы 1 миллион доллар деп бааланып жаткандыгы айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Лионель Месси 5-августта «Барселона» клубунан кетип, франциялык «Парис-Сен-Жермен» клубуна кошулган. Футболчу жаңы клуб менен 2 жылга келишим түзгөн.