Лионель Месси финалдан кийин курамадагы карьерасын жыйынтыктайт

Аргентинанын чабуулчусу жана капитаны Лионель Месси финалдан кийин курамадагы карьерасын жыйынтыктайт. Бул тууралуу форвард бүгүн жарыялады. Месси белгилегендей, дүйнөлүк турнирлердин алкагында финалдык беттеш ал үчүн акыркысы болот.

 

Эске салсак, Аргентина курамасы түндө Хорватияны 3:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

 

Башкы кубокко атаандашы бүгүн түндө Франция – Марокко беттешинин жыйынтыгы менен аныкталат.