Кыргызстанда бир сутка ичинде курч респиратордук вируска кабылуунун  9,5 миң учуру катталды

Кыргызстанда бир сутка ичинде курч респиратордук вируска кабылуунун  9,5 миң учуру катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилешкендей, бул буга чейинки күнгө салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсе көп.

 

Ведомстводон белгилешкендей, окуучулардын 20 пайызы ооруп сабакка келбей калса, мектеп карантинге жабылат.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилешкендей, бардык мектептерди карантинге жабуу максаттуу эмес.