Бүгүн Европа чемпионатынын экинчи жарым финалдык беттеши өтөт

Бүгүн Европа чемпионатынын экинчи жарым финалдык беттеши өтөт. Лондондун “Уэмбли” стадионунда Англия – Дания курамалары кез келет. Англия жарым финалга Украинаны 4:0 эсебинде жеңип чыкса, Дания Чехияны жеңип чыккан.

 

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат түнкү саат 1де башталат. Жеңишке жеткен курама финалда Италия менен турнирдин чемпиону наамына күч сынашат.