Лионель Месси жылдын эң көп каражат тапкан футболчусу аталды

“Барселонанын” форварды Лионель Месси жылдын эң көп каражат тапкан футболчусу аталды. Forbes басылмасынын версиясы боюнча, 33 жаштагы спортчу бир жылда 126 миллион доллар тапты.

 

Анын 92 миллиону каталондук клубдагы маянасы болсо, 34 миллион жарнамалык келишимдерден түштү. Экинчи орунда анын ар дайымкы атаандашы Криштиану Роналду турат. Анын жылдык кирешеси – 117 миллион доллар.