Кыргызстандагы 1 миң 200 мектепке компьютер жана функционалдуу жабдуулар берилет. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, демилге Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ишке ашат.
Максаты — мугалим менен окуучунун санариптик байланышын жогорулатуу.
Ар бир класска 15тен компьютер, бирден сканер, принтер, көчүрүү модулу коюлат. Ушул эле мектептерде математика жана табигый илимдер предметтери боюнча кошумча электрондук материалдар менен сабак өтүүгө мүмкүндүк берген алты класс ачылат.