Жайкы олимпиада оюндарында жеңишке жеткен спортчуга 10 миллион сом сый акы берилиши күтүлөт

Жайкы олимпиада оюндарында жеңишке жеткен спортчуга 10 миллион сом сый акы берилиши күтүлөт. Бул тууралуу кененирээк Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм жетекчиси Марат Аскарбеков айтып берет.

 

 “Бүгүнкү күндө биз өкмөттүн буйругу менен токтом долбоорун иштеп чыгып, Каржы министрлигине өткөрүп бергенбиз. Биринчи орунга 10 миллион сом деп коюп атабыз. Экинчи орунга 7 миллион сом, үчүнчү орунга 5 миллион сом. Андан тышкры, башкы машыктыруучу, ага машыктыруучу, жеке машыктыруучулар, дарыгерлер дагый сыйланат олимпиададан спортчулар жеңишке жетишсе

 

Эске салсак, жайкы Олимпиада оюндары Токио шаарында 23-июлдан  8-августка чейин өтөт. Кыргызстандын спортчуларында 11 лицензия бар.