“Ливерпулдун” чабуулчусу Мохаммед Салах жайкы трансфер мезгилинде “Реалга” өтүшү мүмкүн

“Ливерпулдун” чабуулчусу Мохаммед Салах жайкы трансфер мезгилинде “Реалга” өтүшү мүмкүн. Маалыматка ылайык, “Бенфиканын” форварды Дарвин Нуньес “Ливерпулга” келгенден кийин клуб Салах менен 70 миллион еврого коштошууга даяр.

 

Белгилеп кетсек, Салахтын “Ливерпуль” менен келишими ушул жылы аяктайт. Футболчу биринчи кезекте  “Реалга” өтүүнү ойлонуп жатат.