Октябрь окуясы боюнча Атамбаев баштаган бир катар саясатчылар акталды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев октябрь окуялары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында акталды.

Ошондой эле кылмыштын курамы жок болгондуктан сот Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Канат Сагынбаев, Темирлан Султанбеков жана Жеңиш Молдокматовду актады.

Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов үй камагына чыгарылды.

Бирок Атамбаев башка иш боюнча айыпталып жаткандыктан абакта калат.

Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, 5-октябрда добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция тарап митингге чыгып, өлкөдө башаламандык башталган.

Анын алкагында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт отставкага кеткен.

Андан соң укук коргоо органдары жогорудагы саясатчыларды массалык башаламандыктарды уюштурган жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыптаган.