Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Унаа жолдор минитрлигинен билдиришкендей, жаан-чачынга байланыштуу
Бишкек — Ош, Ала-Бука — Каныш-Кыя жана Каракол – Эңилчек унаа жолдорунда
кар күрткүлөрү пайда болуп, кар көчкү түшүшү ыктымал. Тилкенин айрым
жерлеринде муз тоңуп, тайгак болот. Алыскы жолго чыккандар унаа
ортосундагы 500 метр аралыкты сактап, этият болушу зарыл.